УОКтун лидерлери Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду бүгүн, 24-мартта Замира Сыдыкованын “Республика” гезитинин редакциясынан УКМКга алып кетишти. Бул тууралуу Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Кубанычбек Кадыровдун жардамчысы билдирди.
“Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 20-30 куралчан УКМКнын аскерлери террористерди кармап кеткендей эле кармап кетишти. Учурда аларды Максат Эсенбеков деген тергөөчү суракка алып жаткандыгы кабарланып, камакка алынат экен деген имиштерди айтып жатышат”, – деп билдирди жардамчысы.
Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ