Бүгүн, 18-апрелде улуттук-мекенчил күчтөрдүн Курултайынын чечимдерин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Бузурманкулов 27-апрелде өтө турган улуттук-мекенчил күчтөрдүн II курултайынын максат-мүдөөлөрү тууралу кеп курду.
“Былтыр, 24-ноябрда биз I курултай өткөргөнбүз, ошол жерде бийликке бир топ талаптар коюлган. Ошол эле курултайда II курултай жаз айында өтсүн жана Аткаруу комитети I курултайдын чечимдеринин аткарылышы боюнча отчет берсин деп чечим кабыл алган. Экинчи маселе, биз Аткаруу комитети элдик демилге менен референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Адилет министрлигинен каттоодон өткөрдүк. Эми 27-апрелде, II курултай учурунан баштап кол топтоо башталат. Ал референдумга биз үч суроону алып чыкканы жатабыз: Бийликтин үч бутагы Элдик курултайга жыл сайын отчет берсинби? Кыргызстанда таза парламенттик система орносунбу же президенттик система келсинби? Жогорку Кеңешке депутаттар партиялык тизме менен шайлансынбы же бир мандаттуу округдарданбы? Биздин I курултайдын чечимдери бийлик тарабынан аткарылган жок. Анын ичинде экс-президент Алмаз Атамбаевди жоопко тартуу талабыбыз да аткарылбады”, – деди Айбек Бузурманкулов.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ