Пара талап кылуу фактысы боюнча атайын кызмат тарабынан кармалган Социалдык фонддун башчысы Медер Ирсалиев жакынкы эки айды УКМКнын СИЗОсунда өткөрөт. Мындай чечим 20-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынды. Ошентип, ал 2021-жылдын 17-январына чейин камакта болот. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.
Эскерте кетсек, КРнын Социалдык фондунун төрагасы Медер Ирсалиев 18-ноябрда кармалган. Ал Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрүнөн системалуу түрдө акча талап кылуу кылмыш иши боюнча шектүү.
Ошондой эле, буга чейин УКМК, Социалдык фонддун жетекчилиги тарабынан аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан акча өндүрүп алуу фактысы аныкталганын, буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Социалдык фонддун аппаратынын жетекчиси кармалганын билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ