Menu

Трамп Йеменге аскердик колдоо көрсөтүүнү токтотуудан баш тартты

Бөлүшүү:

Шейшембиде АКШ президенти Дональд Трамп Йемендин басымдуу бөлүгүн ээлеп алган хуситтерге каршы күрөшүп жаткан эл аралык коалицияга америкалык аскер жардамын берүүнү токтотууга чакырган Конгресстин резолюциясына вето койду.

Сауд Арабия жетектеген коалиция 2015-жылы хуситтерге каршы аскердик кампания баштаган. Анын жыйынтыгында карапайым калк арасында курмандыктар көп болуп жатканын жүйө келтирүү менен америкалык мыйзам чыгаруучулар согуш болуп жаткан аймактан америкалык аскер кзматкерлерин алып чыгып кетүүнү, коалицияга жардам берүүнү токтотууну талап кылышкан. Бирок Трамп АКШ коалицияга мүчө өлкөлөрдө жашаган 80 миң америкалык жарандын коопсуздугун коргоп жатканын билдирген.

Сенатор-демократ Берни Сандерс Йемен жашоочулары бомбаларга эмес, гуманитардык жардамга муктаж экенин айтты. “Резолюция саудиялыктарга блокаданы алып таштап, Йеменге гуманитардык жардам жөнөтүү зарылдыгы жөнүндө белги берет”, – деди конгрессмен-демократ Роу Ханна.

Резолюциянын тарапташтарынын ветону аттап өтүүгө добуштары жетпейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: