Кээ бир саясатчылар бар. Тилинен чаң чыгат. Бирок, иш жүзүндө эл үчүн эмгек деле кылышпайт. Темирбек Асанбеков тили тебиресе кыйын саясатчыдай көрүнөт. А реалдуу жашоодо өнүгүү үчүн кандай программаларды тартуулады? Баягы эле популизм менен шугулданып, шайлоолордун астында гана пайда боло калат. Бу саам да ар кандай жыйындарга катышып, интервьюларды бере баштады. Кызык, парламенттик шайлоого бир жарым жылдай убакыт бар эмеспи. Ага чейин минтип теминип отурса, орто жолдон баспай калбайбы? «Чабал өрдөк эрте учат» деп бекеринен айтылбаса керек да.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ