Menu

Эльвира Сурабалдиева, ЖК депутаты: “Өкмөт саясий эрктүүлүктү көрсөттү”

Бөлүшүү:

Өткөн жумада парламент комитеттеринде Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчётун талкуулоо башталды. Жогорку Кеңеш Өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу баасын 25-апрелдеги пленардык жыйынында берүүсү күтүлүүдө, бирок, комитеттердеги талкуулар көрсөткөндөй, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүк бөлүгү өздөрүнүн позициясын эмитен эле аныктап алышты, алар өкмөт отчёттук мезгилде жемиштүү, натыйжалуу жана эффективдүү иштеди деп эсептешет. Өкмөттүн отчёту тууралуу Жогорку Кецештин экономика жана фискалдык саясат комитетинин мүчөсү Эльвира Сурабалдиева өз пикирин бөлүштү.

—Эльвира Жыргалбековна, жакынкы күндөрдө сиздер Өкмөттүн ишине баа берген турасыздар…

—Ооба, парламент комитеттеринде алгачкы баалар айтыла баштады. Өкмөткө суроолор көп, алар пленардык жыйында да көп болоору анык. Айрыкча, акыркы окуяларды эске алгаңда…

—Муну менен эмне айткыңыз келет?

—Мен, мисалы алганда, кыргыз-казак чек арасындагы эки жумага созулган курч окуяларды айтып жатам.

—Бир гана Казакстан эмес, биздин башка да чек араларда дайыма маселелер жаралып, экономиканын субьектилерине, карапайым жарандардын турмушуна тескери таасирин тийгизип келет. Ар бир жолу адаттагыдай эле Өкмөттү айыптап жатып калышат…

– Эмне дейбиз, Өкмөттүн шыбагасы ушундай да. Коомчулук мамлекеттер аралык мындай кыйчалыш кырдаал дароо эле күч менен чечиле койбосун дайыма эле түшүнө бербейт. Ошондой эле мындай учурлар эл алдында ачык талкууланбайт. Сүйлөшүүлөр дагы жабык эшиктин артында өтөт, өзүнүн позициясын жана кызыкчылыгын коргой турган учур дагы ошол жер.

—Бул жагынан Өкмөттө ийгилик барбы?

—Мен өкмөт саясий эркин көрсөтө алды деп эсептейм. Сиздер Евразия экономикалык союзунан биздин өкүлдөрдү чакыртып алуу тууралуу билдирүүгө көңүл бурдуңуздарбы? Бул чет өлкөлөрдөн өз элчисин чакырып алууга барабар болгон, өтө олуттуу кадам эле. Бул деген биздин Өкмөтүбүз сүйлөшүүлөрдө маселени кабыргасынан коюп, ушул билдирүүсү менен биз саясий нааразычылыгыбызды туюндурдук дегенди билдирет. Менимче, коңшулар менен ачык жана маанилүү сөз болуп өткөн. Мага жакканы, Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөттүн акыркы жыйынындагы билдирүүсүнөн 2 күндөн кийин, кырдаал жөнгө салына баштагандыгы болду.

—Бизде ар жылы жазында Өкмөттүн отставкасы тууралуу айтыла баштайт эмеспи…

—Мындай билдирүүлөрдү таптакыр кабыл ала албайм. Адамдар реалдуу кырдаалга ыңгайлашып үлгүрүп, команда калыпка түшүп иштей электе эле минте бергенибиз жакшы эмес. Эми ойлоп көргүлөчү: Кыргыз Республикасынын эгемендигине 28 жыл болду, а бизде 30унчу Өкмөт иштеп жатат. Мен жакында Тажикстанда болдум. Ал жакта менин маектештерим жыл сайын эле өкмөтүңөрдү алмаштыра берген адатыңар бар деп таң калышты. Бул деген экономикага туруксуздук алып келет. Бул деген Өкмөт тарабынан инвесторлорго кепилдик берилбейт дегенди туюндурат.

—Сөзүңүзгө караганда, Өкмөттүн ишмердүүлүгүнө карата суроолоруңуз бар көрүнөт?

—Менин Өкмөттүн айрым өкүлдөрү боюнча суроолорум бар. Менин жана коллегаларымдын пикири боюнча, алар өз милдеттерин аткара албай жатышат. Ал эми жалпы алганда Өкмөткө, анын азыркы курамына ийгилик гана каалаймын, алардын иштегенине бир гана жыл болбодубу. Негизи эле дүйнөлүк коомчулукка, биз туруктуу өлкө экенибизди, саясий кыйчалыштардан чочулабай биз менен кызматташса, экономикага инвестиция салса боло турганын көрсөтүүгө мезгил келди окшойт.

Мирбек Эсенгулов

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: