Menu

Ош МУнун ректорлугуна төрт талапкер ат салышууда. Алар кимдер?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-ноябрда Ош мамлекеттик университети жаңы ректорлуу болот. Учурда бул кызматка 4 талапкер ат салышууда. Бул тууралуу аталган окуу жайдын мугалимдери билдиришти.

Алардын айтымында, шайлоо эртең мененки саат 9:00до башталган. Жыйынтыгы түштөн кийин билинет. Жаңы ректор мугалимдердин добушу менен шайланат. Ал кызматка ат салышып жаткандардын баары доцент.

Алар: Кудайберди Кожобеков, 1975-жылы туулган. Учурда ОШмунун ректорунун милдетин аткарууда. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент . Иш тажрыйбасы – 22 жыл.

Бибигүл Кошоева. 1972-жылы туулган. Доцент. Иш тажрыйбасы – 16 жыл.

Алтынбек Зулпукаров. 1972-жылы туулган. Проректор, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент. Иш тажрыйбасы – 23 жыл.

Шайымбек Эгембердиев. 1967-жылы туулган. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин мугалими.

Эскерте кетсек, Ош МУнун мурдагы ректору Каныбек Исаков бүгүн Билим жана илим берүү министри. Ал бул кызматка 11-сентябрда дайындалган. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин 107 депутаты жактырып, колдоп берген. Эртеси премьер-министр М.Абылгазиев өзү ордуна алып барып отургузуп, аталган министрликтин аппаратынын эмгек жамааты менен тааныштырган. 25-сентябрда, парламентте, президенттин катышуусунда К.Исаков ант берген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: