Түштүк-Казакстан облусундагы 30 миң гектар аянтты чегиртке басып кетти. Мунун ичинен 10 миңине уулуу химиялык заттар себилген. Бул туурасында дубандын айыл чарба башкармалыгынын башчысы Серик Турбеков билдирди.
Зыянкечтердин айынан түшүмдөн айрылган дыйкандардын чыгымдары төлөнүп берилеби, азырынча белгисиз. Талааларды чегирткеге каршы дарылоо учурунда 12 киши ууланып, ооруканага жеткирилди.
Түштүк-Казакстан облусунун айдоо аянттарын апрель айынан бери мароккан чегирткелери каптап кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ