Menu

Түлеев менен Самаков бийликке каршы аттанганы турушат

Бөлүшүү:

Түрмөдөн чыккандан кийин Нариман Тулеев журналистгерге пресс-конференция берип, ошол бойдон жок болуп кеткен. Көрсө, ал ден соолугун чыңдап, финансылык ресурстарын кайрадан жөнгө салып, эми ийгиликтүү бизнесмен катары саясатка кайрадан кадам таштай турганы маалымдалды. Сыягы, Нариман мырза президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыгып аткан Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев баштаган саясый топко биригүүгө ниеттенгени жашыруун эмес. Атамбаевдин душмандарына кошулуу менен Тулеев түрмөдө жаткан кегин алууга киришип, биир моокумун кандырууну кыялданса керек… «Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт» демекчи, бүгүнкү кезге чейин жер аферасы боюнча соттолуп аткан Карганбек Самаков да жөн жатпай, оппозиция терисин жамынганы жатканын билдиришти. Карганбекте акча деген саман экенин билесиңер, Чүйдөн миң гектарга чейин жерлерди басып алганы ММКларга чыгып келген. Эми элдин байлыгын четинен кертип, сатуу менен Келдибековду, Мадумаровду, Ташиевди колдоп чыкса, кайран карапайым калкыбыз дагы алданып кала беришеби?

Сакен Бөрүбаев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: