Menu

Мектептер ачылышы керекпи же жокпу? Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева соцтармакка сурамжылоо жарыялады

Бөлүшүү:

Социалдык блок боюнча вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева социалдык тармактарда окутуунун форматы боюнча сурамжылоону жарыялады.

Сурабалдиева өзүнүн Твиттердеги баракчасында колдонуучулардан мектептер ачылышы керекпи же жокпу деп сурады. Сурамжылоого 10 сааттын ичинде 1175 колдонуучу катышкан. Мектептин ачылышына 65% пайыз макул дешти, 35% каршы добуш берди.

Посттун өзү эле кызуу талкууну жаратты. Айрым колдонуучулар жаңы вице-премьер-министрдин коомдук пикирди изилдөө жана кечиктирилгис көйгөйдү чечүү үчүн жасаган мындай мамилесин сынга алса, айрымдары мындай сурамжылоолорду өткөрүүнү колдошту.

Эскерте кетсек, мектеп окуучулары март айынан бери аралыктан билим алышат. Ата-энелер жана мугалимдер көптөгөн ыңгайсыздыктарга жана окуучунун иш жүзүндө мындай форматта билим албай жаткандыгына нааразы болушат.

Мектеп окуучулары каникулдан кийин кандай окуй тургандыгын өкмөт чече элек. Билим берүү министрлиги салттуу форматта окууну экинчи чейректе жандандырууну сунуштоодо.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: