Ирандын улуттук авиакомпаниясы Американын «Боинг» фирмасынан 80 учак сатып алууга макулдашты. Келишимдин жалпы суммасы 16 миллиард долларга бааланды.
IRNA агенттиги билдиргендей, 11-декабрда Тегеранда эки компаниянын өкүлдөрү жолукту. Анын жүрүшүндө белгилүү болгондой, Иран тарап 50 кууш фюзеляждуу “Боинг-737” жана алыскы радиуска аракет этүүчү 30 “Боинг-777” аба кемелерин сатып алмай болду. Бул учактар он жыл аралыгында берилет.
“Боинг” компаниясы дагы келишимге кол коюлганын тастыктады. Сентябрда АКШнын Каржы министрлиги Boeing жана анын европалык атаандашы Airbus компаниясына Иранга учак сатууга уруксат берген.
Келишим жөнүндө АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын январда өтө турган инаугурациясынын алдында жарыяланды. Ал өткөн жылы Тегеран жана дүйгөлүк державалар ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимди сындаган.
Бул келишим Ирандын ядролук программасын кыскартууга багытталган. Анын алкагында Тегеранга карата эл аралык санкциялар жеңилдетилген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ