Кыргызстанда дарылоонун натыйжалуулугун далилдеген сапаттуу дары-дармектер жетишсиз. Алардын баасы карапайым эл үчүн өтө эле кымбат. Мындан тышкары, «мыйзамсыз ташылып келинген дарылар, жасалма жана кымбат баада болушу толук ыктымал» дешет адистер.
Ушул тапта өлкөбүзгө дары-дармектердин электрондук маалымат базасын киргизүү иштери жүрүп жатат. Бул долбоор ишке ашкан учурда дарылардын өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейинки кадамдары толук чагылдырылат. Алардын сапатын жана баасын көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ