Премьер-министр Сапар Исаков 22-декабрдагы өкмөттүк жыйында клиникалык базасы жок медициналык факультеттердин лицензияларын жокко чыгаруу зарыл экенин айтты. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, Кыргызстандагы түрдүү окуу жайларда тогуз медицина факультети бар. Учурда Бишкектеги Кыргыз-орус (Славян) университетинде, Кыргызстан эл аралык университетинде, Жалал-Абад жана Ош мамлекеттик университеттеринде клиникалык база жок. Исаковдун клиникалык базасы жок медицина факультеттерин жабуу сунушу колдоого арзыйт. Санга эмес, сапатка караш керек. Клиникалык базасы жок окуу жайлар сапаттуу адис даярдай алышпайт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ