Menu

“Кыргызнефтегаздын” талашка түшкөнүндө не сыр бар?

Бөлүшүү:

Кайсы кызмат же ишкана “май талкан” болсо, кыкеңдер ошол жерге жанаталаша жүгүрүп, жулуп кетүүгө аракет кылганы жалганбы? Билесиңер, буга чейин “Кыргызнефтегазды” бийликтеги жеке басарлар талашып келген. Ызы-чуудан арылган эмеспиз. Азыр да акча чубурган ишкана “көк бөрү” сыңарындай образда…

 “Кыргызнефтегазда” жетекчилик орун бош болгонго байланыштуу ал орунга биринчи болуп сугун артып, шилекейин агызгандын арасында “Республика – Ата Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду айтышууда. Муну эки маселеге байлап атканын коомчулук билип калды. Эң негизги маселеси катары 2017-жылкы президенттик шайлоого байлап, азыртан бул стратегиялык объектини “менчиктөө”  менен андагы 2500гө жакын шайлоочуну колго алуу амалы катары баалашууда. А көмүскөдөгү маселеси болсо, ажону “урматтуу президент, сизге азыркы учурда акаарат айткан айбаттуу бирден-бир делген саясатчы Өмүрбек Текебаевди жалгыз гана Зарылбек Рысалиев “сындыра” алат. Ошон үчүн тезинен Зарылды парламентке апкелели” деп аткан имиш. Зарылбек мырзаны апкелүү үчүн партиянын ичинен бирөө орун бошотуш керек. Ал азыркы “Кыргызнефтегаз” ишканасынын жумушчулары нааразылык туудуруп аткан Нургазы Нышанов болмокчу. Эмнеге ишкана бу жигиттин келишине нааразы? Биринчиден, Нургазы кадимки эле Нурлан Нышановдун баласы. Нышанов Нурлан 2005-жылы Жалал-Абаддагы Улуттук банктын филиалынан 22 миллион сомду Жаныш Бакиев менен уурдаган башкы айыпталуучу адам катары азыр издөөдө го? Экинчиден, ишканага ишбилги, жумушчулар менен камыр-жумур иштеше алган кесипкөй адис адам керек. Нургазы Нышановду ал жердегилер билбейт. Билген күндө да атасы жанагындай издөөдө жүргөнү жумушчуларды кыжырдантуу менен жакында эле нааразылык акциясын өткөргөндөрү бизге маалым. Кээ бир басылмалар жакынкы кезде “Кыргызнефтегаз” “Ата Мекен” партиясына тиешелүү экен” деп жалган маалымат таратууда. “Кыргызнефтегаз” ишканасына 2012-жылы Жантөрө Сатыбалдиев Жеңиш Жумашевди апкелген. Ал “Ата Мекен” партиясына эч бир тиешеси жок адам. Сыягы, бул боюнча чыр дагы уланганы калды окшойт…

 Бекбол АЙДАРОВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: