Menu

Баткендин ооруканасынан 52 медиктин 48и жумуштан чыгып кеткенби?

Бөлүшүү:

Баткендин облустук ооруканасынан 92%ы жумуштан кетип калыптыр. Бул тууралуу 31-октябрда Бакыт Төрөбаев (“Өнүгүү-Прогресс”) ЖК жыйынында айтып чыкты. “Бул эң коркунучтуу абал. Алар кеткени боюнча 10 себебин айтышкан. Президент, парламент, өкмөт алардын көйгөйлөрүнө көңүл бурсун деп жатышат. Андай көйгөйлөр бардык облустардагы медицина тармагында бар. Саламатыкты сактоо министри өз тармагындагы көйгөйлөрдү билбейт окшойт”, – деди депутат.

Белгилей кетсек, билдирүүдөн кийин Баткен облусундагы өкмөт өкүлү дароо медиктер менен жолуккан. Саламаттыкты сактоо министрлиги оорукана штаттык режимде иштеп жатканын билдирди. Ал эми оорукананын башкы врачы Нурлан Салиевдин айтымында, массалык жумуштан кетүүнүн себептери көп: айлык акынын аздыгы, тынымсыз текшерүүлөр, кредит менен ипотека алууга мүмкүнчүлүк болбогону, таза суу көйгөйү.

Министрликтин айтымында, медиктер иш орундарына барышып, элди кадимкидей тейлеп жатышыптыр. Алар болгон арманын, талаптарын облус жетекчилигине айтышып, азырынча жергиликтүү деңгээлде маселе чечилип жаткан учур экен.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: