30-декабрдан 31-декабрга чейин, жаан-чачынга байланыштуу, тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Чапчыма ашуу, Чычкан капчыгайы, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Красная Горка — Ак-Ташта кар көчкү түшүүcү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Ошондон улам, машиналардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын ӨКМ эскертет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ