Нарын шаарында хоккей боюнча эл аралык чемпионат бүгүн, 19-декабрда аяктады.
Беттешке Казакстандын, Орусиянын жана Кыргызстандын командалары катышышты. Мелдеш 5 күнгө созулуп, жалпы 6 команда ойноду.
Биринчи турдун жыйынтыгында Новосибирск шаарынан келген “Омега” командасы 1-орунду ээлесе, 2-орунга Нарын жана Бишкектен келген командалар ээ болушту. Ал эми, 3-орунга Алматыдан келген команда татыды.
Ошондой эле, “Нарын шумкарлары” жана “Локомотив” командалары андан аркы оюндан чыгып калышты.
Эскерте кетсек, оюн эки тур менен өткөрүлүп, беттештин экинчи туру 2019-жылдын март айында болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ