Ар бир майрамдын урматына элинин ак батасын алып келген КРнын Эмгек сиңирген артисти, жүздөгөн мыкты обондордун автору, элибиздин кадырлуу ырчысы Сыймык Бейшекеев туулган күнүнүн урматына 9-сентябрь күнү Кыргыз улуттук филармониясында чоң прогораммадагы концертин тартуулайт. Дал ушул эле өнөрдүн куттуу өргөөсүндө жумурай журт сүйгөн обончу, ырчы Бек Борбиев 23-24-сентябрда туулган күнүнө чакырмакчы. Кыргыз эстрадасында куштун эки канатындай катар өскөн, катар элге жаккан эки таланттын туулган күндөрү менен куттуктайлы.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ