Бул тууралуу 20-январда милициянын күзөт кызматы башкармалыгынын басма сөзү билдирди.
13-январда Чүйдүн Чоң-Арык айылынан күндүз төрт чамаларында 63 жаштагы пенсионерди маршрутка сүзүп кеткен. Дагы жакшы, аксакал аман калып, ооруканага жеткирилген. Анын ийини сынган.
Эми минтип сүзүп кеткен «Мерседес Спринтера» маршруткасынын айдоочусу кармалды. Ал 1970-жылы туулган Д.М. болуп чыкты. Азыр тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ