Menu

Фото – Берлинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Бөлүшүү:

15-октябрда Берлин шаарында, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 27 жылдыгын майрамдоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө залкар жазуучуга арналган адабий кече, сүрөт көргөзмө өткөрүлүп, ошондой эле Кыргызстандан келген таланттуу «Эламан&Чолпон» музыкалык дуэти өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты.

Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Э.Оторбаев менен Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтык боюнча ыйгарым укуктуу М.Зиберт башкы сөздөрдү сүйлөштү.

Ардактуу мейман катары иш-чарада публицист, кесиби боюнча котормочу, 1960-жылдардын аягында жана 1970-жылдардын башында жазуучунун чагырмаларын биринчилерден болуп немис тилинде чыгарып, ошону менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын Германияда белгилүү болушуна көмөктөшкөн Леонард Кошут сөз сүйлөдү. Таанымал-айтматовчу Леонард Кошут залкар жазуучунун жакшы досу болуп, өз убагында бирге тыгыс иштеген.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын үзүндүлөрүн Леонард Кошут немис тилинде айтып берип, катышуучуларга абдан кызыктуу болду. Иш-чаранын катышуучулары Чыңгыз Айтматовдун дүйнө адабиятына жана өсүп келе жаткан муунга кошкон зор салымын белгилешти.

Иш-чарага герман саясатчылары, Бундестагдын депутаттары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, адабий критиктер, илим жана малданият кызматкерлери катышышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гамбург шаарындагы Ардактуу консулу Карл Элердингдин колдоосу менен уюштурулду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: