Menu

Татыктуу милиционер Таалай Нуркулов!

Бөлүшүү:

Өткөн саныбызга Бишкектеги Бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионат учурунда эсин жоготкон оюн калысын ажалдан алып калган Ленин РИИБсинин атайын укуктуу өкүлү, милициянын майору Таалайбек Нуркулов тууралуу жаздык эле. Андан бери бул өмүргө данакер укук коргоочуну ИИМдин жетекчилиги капарына алып жылуу сөзүн айтып көпчүлүктүн көзүнчө сыйлайбы деп ойлодук эле, эмнегедир андай иштерди кулагыбыз чалбады. Ал турсун абийири жабылган Кыргызстандын Бильярд федерациясы деле чемпионаттын жабылуу аземинде сый көрсөтүп, эстелик үчүн болсо да бир медаль, кий берип койгонго жараган жок. Демек,  депутат Садык Шер айтмакчы, кыргыздар өлгөндөн кийин гана баркталаарыбыз чын окшобойбу?!

Ошентсе да биз, бүгүнкү ИИМ кызматкерлеринин  профессионалдык майрамында, Таалай Нуркуловду чын дилден куттуктап, ага албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. Сиздей чөптөн жапыз, бирок тоодой бийик адамдар бар үчүн өлкө жашап турат. Калк кызматындагы ишиңизден баар таап, ийгиликтерди жарата бериңиз, жолдош майор! Ура, ура, ураа!

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: