Menu

Bloomberg: Сирияда жаракат алган орусиялыктар аскерий госпиталдарда дарыланууда

Бөлүшүү:

АКШнын Сириядагы аба соккулары маалында жаракат алган орусиялыктар Коргоо министрлигинин Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы госпиталдарында дарыланып жатышат.

Бул тууралуу Bloomberg агенттигине жабыркагандардын аты-жөнүн билдиргиси келбеген эки таанышы кабарлаган. Айрым бейтаптардын жаракаттарды өтө оор болгондуктан каза болгондордун саны көбөйүп жатканы айтылууда.

7-февралда АКШнын Дейр-эз-Зор провинциясындагы аба соккулары маалында Сириянын президенти Башар Асаддын аскерлери тарапта согушуп жаткан 100дөн 500гө чейинки куралдуу адам мерт болгон. Түрдүү маалыматтар боюнча, анда “Вагнердин жеке аскерий компаниясы” жүздөгөн мүчөсүн жоготкон. Орусиянын Коргоо министрлиги соккулардан орус жарандары каза тапканын четке кагууда. Мекеме окуя болгон жерде орус аскер кызматкерлери болбогонун билдирүүдө.

АКШ башында турган эл аралык коалициянын Сириядагы аба соккуларынанОрусиянын жалданма аскер кызматкерлери мерт болгондугу тууралуу америкалык CBS телеканалы Пентагондогу булактарына шилтеме кылып билдирген. Маалыматка караганда, жалданма аскерлер мунай кенин басып алуу аракетин көрүп, Хишам жергесинде жүрүшкөн. Америкалык командачылык каза болгондордун арасында орусиялыктардын бар экени тууралуу маалыматтарга ээ эмес. Пентагон сокку урардын алдында орусиялык аскерлер менен байланышканын жана чабуул жасап жаткандардын арасында орусиялыктар жок экендиги тууралуу маалымат алышканын билдирди.

14-февралга карата аба соккулары маалында каза болгон 7 орусиялыктын аты-жөнү белгилүү болду. Болжол менен алар “Вагнердин жеке аскерий компаниясынын” мүчөлөрү болушкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: