Menu

Курманбек Бакиев, КРнын экинчи президенти: “Бекен, мени да сындап ачуу сөздөрдү айтчусуң, менден кийин Атамбаевди да сындап чындыкты жазып, жаман көрүнүп, куугунтукталып жүрдүң”

Бөлүшүү:

Урматтуу Бекен иним! Бүгүн 60 жашка чыгып жатасың! Мен сени тааныганыма 30 жыл болду. Убагында бийлик сен жетектеген гезиттерди жаап, анын ичинде “Криминал”, “Ордо”, “Кыргыз ордо” бар, азыр болсо “Жаңы ордо” гезитинин редакциясын жетектеп чындыктын жабылган барактарын ачып чыктың.

Союз урап, эгемендүүлүккө эми эле ээ болгонубузда, кыргыздын биринчи журналисттеринен согуш журүп жаткан Чеченстанга барып, өз көзүң менен ал жакта абалды көрүп, тиешелүү адамдардан интервью алып, кыргыз элине жеткирдиң. Баткен согушунда да коркпой барып ошол жерден репортаж берип тургансың. Баткен согушуна журналист катарында катышып, эми мына “Баткен туткуну” деген жаңы романың чыкты. Мен сени журналист, жазуучу, сүрөтчү катары билем. Акаевди сындап жүрүп бир канча жолу гезиттериңди жаптырып алгансың. Мени да сындап ачуу сөрдөрдү айтчусуң, менден кийин Атамбаевди да сындап чындыкты жазып, жаман көрүнүп, куугунтукталып жүрдүң. Убакыт өткөндөн кийин Акаевден, менден кайра интервью алдың. Бирок, чыныгы журналист ушундай болуш керек деп эсептейм. Бекен иним, сенин кыргыз журналистикасына кошкон салымың өтө зор! Мен ишенем, сенден биздин жаш журналисттер таалим-тарбия алып, жарандык позицияң жана көз карашың кийинки муундагы журналисттерге үлгү ка тары уланышы керек.

Бекен иним, 60 жашың куттуу болсун, сага узун өмүр, чыгармачылык ийгилик, чың ден соолук каалаймын! Мен ишенем, сенин дагы кыргыз адабиятында жаза турган мыкты чыгармаларың али алдыда. Терең урматтоом менен Курманбек Бакиев.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: