Москвадагы лейлектик боордошубуз бычак жеп каза болду: Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, киши колдуу болгон жердешибиз Лейлек районуна караштуу Исфана айылынын тургуну болгон. Ал 24 жаштагы С.А.Т. Москвада бычак жеп каза болду. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Москва шаарына караштуу Пресненский райондук тергөө бөлүмү тергеп жатат. Учурда элчилик менен маркумдун туугандары “жүк 200дү” Кыргызстанга жеткирүү маселесин чечүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ