Menu

Жалпы оппозиция Адахан Мадумаровду туу кылып көтөрүшсө жеңишти багындырышат

Бөлүшүү:

Эл арасында унутулуп бараткан Адахан Мадумаров соңку шайлоодо жылдызы жанып, эч кандай акча коротпой эле үчүнчү орунду камсыздады. Бийликке ачык оппозицияда болгону үчүн, ачуу сын-пикири менен 100 миң чамалуу элдин добушун алып, чоң саясатта салмагы бар экенин ырастады. Ошого катар ал Сооронбай Жээнбековдун жеңишин тааныбай, шайлоонун ыплас оюндарын да айтып, тилин тарткан жок. Мына ушундан улам бүгүнкү бийликти жек көргөндөр Мадумаровдун тарапташтары катары ооп кетишти. Учурда элдин кандайдыр бир бөлүгү жаңы бийликтен үмүт эткендер жана радикал оппозиционерди колдогондор болот. Анан албетте, эки тарабына тең кайдыгерлер да арбын. А баса, эгер Өмүрбек Бабанов козголгон кылмыш иштеринен коркуп, чет өлкөдөн келбей койсо, анда Адахан Кимсанбаевичтин кадыр-баркы мындан да көтөрүлөт. Кийинки саясый жүрүштөрдө же шайлоолордо чыныгы жолборс жүрөк, беттегенинен кайтпаган үлкөн саясатчы катары бааланат. Түпкүлүгүндө, учурдагы бийликке сын айткандар Мадумаровду туу кылып көтөрүшсө гана таасирдүү оппозициялык блок катары күчтөнүшөт эле. Саясый турмуштун жолу дал ушул жагын далилдеп турат. Эгер чачыранды боло беришсе, эч кандай майнап деле чыкпайт. Жеңилүү ызасы кайрадан кайталана бергени да ошол. Андыктан, лидерди тандоого мезгил келди окшойт.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: