Белгилүү иран режиссеру Мажид Мажидинин “Мухаммад: Жараткандын элчиси” (“Мухаммад Расулаллах”) аттуу тасмасы Дүйшөмбүдө көрсөтүлөт. Бул тууралуу Тажикстандын Кинематографисттер бирлигинин төрагасы Сафар Хакдодов билдирди.
Анын айтымында, тасма кинематографисттер менен маданият ишмерлеринин тар чөйрөсүндө гана көрсөтүлөт. «Тасманы кинотеатрларда көрсөтүү үчүн биз аны авторлорунан сатып алышыбыз керек. Бирок «Точиккино» мамлекетик ишканасында андай каражат жок. Болгондо да “Мухаммад: Жараткандын элчиси” эң ири бюджеттүү иран тасмасы болуп эсептелет”, – деди Сафар Хакдодов.
Ал Мажид Мажиди тажик достору менен кесиптештерине урмат көрсөтүү катары тасманын нускасын Дүйшөмбүгө эки гана күнгө жөнөткөнүн белгиледи.
Белгилүү болгондой, тасмадагы окуя VI кылымда болуп, анда пайгамбардын бала чагы тууралуу айтылат. Фильмди тартуу иштери 2007-жылы башталып, 2011-жылга карата Тегерандан алыс эмес жерде жайгашкан Кум шаарында тасманын көпчүлүк бөлүгү үчүн керектүү болгон декорациялар даяр болгон. Анын жаратуучуларынын айтымдарында, бир канча эпизод Түштүк Африкада тартылган. Алар ошол кездеги тарыхый шарттар менен жагдайды түзүү үчүн Кумдан алыс эмес жерге борборуна Кааба орнотулган Мекке шаарынын үлгүсү курулган.
“Мухаммад: Жараткандын элчиси” тасмасын тартууга голливуд адистери — Оскар сыйлыгынын ээси, италиялык оператор Витторио Стораро жана композитор Алла-Раха Рахман да катышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ