Menu

Шамиль Атаханов Батукаевди бошотуудагы Алмаз Атамбаев менен Рамзан Кадыровдун ролун айтып берди

Бөлүшүү:

Интернет айдыңында УКМКнын экс-төрагасы Шамиль Атаханов менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин көзмө-көз жолукканындагы протокол жарык көрдү. Сурак учурунда Атаханов ызы-чуулуу иштин чоо-жайын түшүндүрүп, Атамбаев Батукаевди бошотуу боюнча ар кандай варианттарды иштеп чыга баштаганын, Чеченстандын жетекчилиги Жаныш Бакиевди Кыргызстанга алып келүүгө көмөк көрсөтүп, анын ордуна кримтөбөлдүн бошотулушу айтылган экен.

Протокол текстине ылайык, Атахановду УКМКнын төрагасына дайындаганга 2-3 ай калганга  чейин Атамбаев ага “Жаныш Бакиевди мыйзамдуу экстрадиция кылуу ыкмалары түгөнгөнүн” айтып, атайын операция жасап, аны алып келишин тапшырма берген. Атаханов УКМК кызматкерлери өз күч-аракеттери менен жасай турган операция үчүн акча каражатын сурап, маселе бир топ мезгилге чеийн козголбой калган.

“Бир топ убакыттан кийин… менин кабыл алуума “Огонек” журналынын корреспонденти Алимжан Мирзоев жазылып калды… Ал бир маселе бар экенин, Рамзан Кадыровго таасири бар жакындарынын бири, Орусия Думасынын депутаты Адам Делимханов мага жолуккусу келип жатканын билдирди… Кримтөбөл А.Батукаевдин ден-соолугу боюнча экен… Бул сөз жөнүндө президент Атамбаевге айтып, А.Делимханов менен жолугууга уруксат беришин сурандым”, – деп Ш.Атаханов Атамбаев менен көзмө-көз жолукканда айткан.

Анын айтымында, Атамбаев буга макул болуп, бир нече убакыттан кийин жеке учак менен Делимханов Бишкекке учуп келген. Экөө учак ичинде сүйлөшүшкөн. Жолугушуу учурунда чечен саясый ишмери Батукаев айыкпас дарт менен ооруп жатканын айтып, мыйзамга ылайык бошотулуп, Чеченстанга которулушу керектигин айткан.

“Сүйлөшүү учурунда бул маселени чечүү үчүн бир вариант пайда болду, эгерде алар Ж.Бакиевди кармап, өткөрүп беришсе, Батукаевди бошотуу маселеси каралары айтылды”, – деп түшүндүрөт Атаханов.

Делимханов муну жогору жак менен сүйлөшөрүн айтып, көп өтпөй Атахановго телефон чалып, “алар Ж.Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бере алышат”, – деп айткан.

“Мунун бардыгын мен А.Атамбаевге болгонун болгондой кат түрүндө жеткирдим,  катка колумду койбодум, анда А.Батукаевдин ден-соолугу, Кыргызстандагы криминалдык кырдаалдагы ролун келтирдим. Батукаев менен Көлбаевдин топторунун ортосунда кырдаал курчуп калганын жаздым, – деп айтылат сурак протоколунда. – Батукаевдин авторитети катуулап бараткан. Көлбаев менен болгон араздашуусунан улам, Батукаевди Ченченстанга өткөрүп берүүнү туура көрөрүмдү айттым… Президент бул операцияны өткөрүүгө уруксат берди… Мен Делимханов аркылуу айттырган чечен тараптан шектенип жатканымды билдирдим. Бир нече мезгилден кийин Делимханов бул маселени Рамзан Кадыров Атамбаевдин өзү менен сүйлөшкүсү келип жатканын, жеке өзү кыргыз президентине кепилдик берерин айтты. Көп өтпөй Алмаз Атамбаев менен Рамзан Кадыров сүйлөшө алышты”.

Дагы убакыт өткөндөн кийин Атаханов Атамбаевден оозеки буйрук алып, Батукаевди бошотуу жана Ж.Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп алуу боюнча операция жасалмай болот.

“Мен УКМКнын төрагасынан алынгандан кийин, 2012-жылы ноябрда, мен инерция менен кээ бир маселелерди көзөмөлдөп жаттым. Операция учурунда З.Рысалиев бир маселелерди кечеңдете баштады. Мен анда ИИМ министри элем, Атамбаевге Рысалиев экөөбүздүн мамилебиз начар экенин, ошондуктан бул теманы аны менен сүйлөшкүм келбегенин билгиздим. Ошондо Атамбаев Б.Табалдиевге тапшырма берерин айтты, анда ал укук коргоо органдары боюнча бөлүмдүн башчысы эле”.

Анан Табалдиев УКМКнын башына келгенде Атаханов ага чалып, эмнеге чечен тарап өз милдеттерин аткарбай жатканын сурайт.  Ал жооп таба албайт. Атаханов Делимханов менен байланышканда, ал Кыргызстандан маалымат чыгып кетип, Ж.Бакиевге да жетип, ал Араб Эмираттарында жашынып жактанын айткан. Чечен тарап Бакиевдин кыймыл-аракетин көзөмөлдөп жатканын, кайтканда дароо колго түшүрүшөрүн айтып ишендирет. Андан кийин Атаханов Табалдиевдин телефондорун Делимхановго берет да, эми маселени УКМКнын төрагасы менен сүйлөшөрүн айткан болот.

“Андан кийин эмне болгонун билбейм… Пресса жазгандай бул иш боюнча кандайдыр бир материалдык кызыкчылыктарга тиешем болгон эмес, президет Атамбаевге да эч нерсе өткөрүп берген эмесмин”, – деп Атаханов болгонун айтып берген.

Атаханов сурак учурунда Атамбаевге жазган катында Батукаев лейкоз (ак кан) менен ооруп жатканын, бирок бошото тургандай абалда эместигин келтиргенин тактаган. “Мен М.Бектеновго тапшырма берип, “Батукаевдин ооруп жатканы боюнча себебин тап, бул атайын операция” дегем” дейт Атаханов.

Мындан тышкары ал ички иштер министри болуп дайындалга чейин А.Батукаевдин бошотулушу жөнүндө маселе менен алышкан эместигин белгилейт.

“Бир катар мамлекеттик органдар бул ишке катышкан, бул Жаза аткаруу кызматы, атайын прокурор, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана сот, бирок негизги иштер Жаза аткаруу кызматынын башчысы З.Рысалиевге жүктөлгөн”, – дейт Атаханов.

Документтерге ылайык Алмазбек Атамбаев менен Шамил Атахановдун көзмө-көз жолугушуусу 2019-жылы август айында болгон.

Интернетке тарап кеткен бул документтер, албетте, тактоого муктаж.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: