Menu

Азимбек Бекназаров: “Кыргызстан кыргыздар үчүн гана керек”

Бөлүшүү:

“Мен жымсалдабай эле айтайын, президенттик орун бирөө эле. Экөөң тең татыктуусуң, бирок бирөөң талапкерлигиңди алып салышың керек. Азырынча убакыт бар, ойлонуп көргүлө. Убагында силерге адвокат болуп, силерди жакшы билген адам катары кеңешим ушул. Керек болсо президент болом деген башкаларыбыз да ойлонушубуз керек. Ташиев менин инимсиң, Келдибеков күйөө баламсың. Экөөң тең таза кыргыздарсыңар. Мен силер мененмин”, – деди А.Бекназаров “Ата-Журттун” курултайында.

“Бири менин күйөө балам болсо, экинчиси иним.

Экөөнүн тең ата журту, тага журту, кайын журту таза кыргыздар. Кыргызстан кыргыздар үчүн гана керек, ал кыргыздардын мамлекети, президент кыргыздар үчүн гана иштеши керек.

Акаев куруп кеткен “Кыргызстан наш общий домду” биз бузушубуз керек.

Орун бирөө, эки орун жок, ойлонгула. Мейли катталып да, бирок ойлонгула. Экөөң тең татыктуусун бирок кеч боло элегинде бир орунга бирөөң калышың керек. Бийликтин партиясынан Чыныбай жакшы эле учкашайын деди, бирок жол беришкен жок. Кой орун бирөө дешти. Иса Өмүркулов дагы оюнга кирди, бирок ал да партияны карап отурат”,- деди ал.

Булак: “Майдан.kg”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: