Menu

Урматтуу мэр, ордо оюнуна спорттук жай курдуруп бериңиз!

Бөлүшүү:

Кайрылуу кат

Кыргыздар көчмөндөр цивилизациясын түптөгөн, рухий дөөлөттөргө өтө бай, адамзат ааламында дүйнө таанымы, кулк-мүнөзү, каада-салты, жашоо образы өзгөчөлүү, тарых-таржымалы катмарланган эң байыркы элден экендигин дүйнө элин таңгалдыруу менен жергебизде үч ирет ийгиликтүү өткөн Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары таасын далилдеди. Албетте, бул жалпыбыздын сыймьпыбыз жана эртеңкиге шыктандыраар үмүтүбүз да, жоопкерчиликтүү милдетибиз да болду.

Бирок да, башкаларга анча байкалбаган же этибарга алынбагандай орчундуу бир өкүнүч, өксүк – улуттук оюндардын ата башы, Айкөл Манас бабабыз айрыкча маани берип, өзү да ойногон илгертен куттуу же азыркы тил менен айтканда философиялуу мааниге ээ, ак калпак кыргызга гана таандык ордо оюнуна атайын курулган спорт жай болбогондуктан, кайсы бир пансионаттын бурчунда өткөрүлдү, аттиң…

Урматтуу мэр, ушундан улам ата-бабабыз байыртан бери унутпай ардактап келген, мамлекеттүүлүктү түшүндүрүп жана анын ыйыктыгын коргоонун максат, маңызын аркалаган куттуу ордо оюнуна терең маани берип, борбор калаанын борбор аймагына атайын спорттук жай курдуруп берүүңүздү өтүнөбүз. Сиз ордого көңүл буруп, эч болбоду дегенде мындан 15 жылдай мурда Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин аймагында башталып, аягына чыкпай калган ордо аянтчасына ыңгайлуу жабык спорттук жай курдуруп берсеңиз, анда республика боюнча ордо оюнунун ышкыбоздорунун ыраазы алкышына ээ болуу менен Айкөл Манас бабабыздын арбак-рухунун алдында зор милдет өтөгөн болор элеңиз.

Бекем ден соолук, ишиңизге ийгилик каалап,

Сейитбек Бокошов, Абалак ордо федерациясынын башчысы

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: