Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун уулу жетектеген Дүйшөмбү шаардык мэриясы президенттик аппараттын мурдагы имаратына көчтү. Бул өлкөдө Рустам Эмомали атасынын мураскору болуп, мамлекет башчылыгына барышы мүмкүн деген кептерди күчөттү.
Эмомали Рахмон 29 жаштагы уулу Рустам Эмомалини Дүйшөмбүнүн мэри кылып өткөн жумада дайындаган. Тажикстандын башкы архитектору Жамшед Ахмадзода жергиликтүү маалымат каражаттарына борбордук мэриянын башка имаратка көчкөнүн ырастады.
Ал бул убактылуу көрүнүш экенин жана жакында Дүйшөмбүнүн борборуна шаардык администрация үчүн жаңы имарат куруларын айтты.
64 жаштагы Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келет. Анын жакын туугандарынын көбү (анын ичинде эки кызы) мамлекеттик жогорку кызматтарда, башкалары кирешелүү бизнестерди көзөмөлдөшөт. Укук коргоочулар Рахмон өзүнө сын айткандарды куугунтуктап, кысымга аларын билдирип келишет.
Рахмон бир канча жыл мурда президенттик аппаратты жаңы имаратка көчүргөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ