Бишкекте түн ортосунда телефон уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-май күнү болжол менен саат 03:00 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Сүйүмбаев жана Жумабеков көчөлөрүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен телефон уурдалды деген маалымат келип түшкөн.
Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында 1985-жылы туулган жаран шектүү катары кармалган. Текшерүү учурунда 3 уюлдук телефон унаасынын ичинен табылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү качып, артынан кууган кызматкерлер Алма-Ата көчөсүнөн кармаган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлгөн. Учурда териштирүү жүрүүдө”, – деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ