Menu

Азимбек Бекназаров: 2010-жылы биз Гуревич, Надель, Максим Бакиевдин АУБдагы 3000 банк ячейкаларынын 20сын гана ачканбыз, калганын Москвага барып келген Атамбаев ачтырбай койгон

Бөлүшүү:

“Банктардын ячейкаларындагы акчаларды Бекназаров менен Темир Сариев уурдап алды, бөлүп алды” деп биринчи Атамбаев кыйкырып чыккан. Болгондо да 2010-жылы айтып чыккан. Анан ошол, 2010-жылы күзүндө парламенттик шайлоодо айтып жүрдү, 2011-жылы президенттик шайлоодо айтып жүрдү”, –  деп билдирди экс-төңкөрүшчү Азимбек Бекназаров кечээ, 27-июлда Бишкекте берген маалымат жыйынында.

“Мен бийликке келсем экөөсүн тең жайлайм! Мен аларды камайм!” деп. Кана, камаганы? Тескерисинче Темир Сариевди премьер-министр кылып дайындады го. Кана, 7 жыл премьер анан президент болуп баарын башкарды, эмнеге банк ячейкалары боюнча ооз ачкан жок? Темир Сариев сотто да айтып берди. Ал акчаны биз алган жокпуз.Аларды Бакиевдерге каршы, ошол согушту басыш үчүн 2 миллион доллар гана жөнөттүк деп…

Мен күч органдарына куратор болуп турганда прокуратура, Финпол 20дай банк ячейкасын ачты. Ал эми АУБ банкта 3000 ячейка болгон. Калган ячейкалар ошол боюнча ачылбай жабык калган. Тескерисинче маселени ошол жактан коюш керек. Эмне үчүн ал ячейкалар жабык бойдон калды. Анткени АУБ банкы Гуревичтин, Наделдин, Максим Бакиевдин жабык зонасы болгон. Дүйнө жүзүнөн бүт арам акчалар АУБга келчү да анан адалдаштырылып кайра кетчү. 2010-жылы 7-апрелде бир түндө эле 150 миллион евро чыгарып кетишкен.Менин оюмча бизди “ячейканы бузуп жатат” деген адам Москвада Наделге жолуккандан кийин тескерисинче ошолордун ячейкасын ачтырбаганга аракет кылган. Ошону жапты. Ошол 20дай ячейкалар ачылганда 3 миллиард доллардык Казакстандын жаранына салынган баалуу кагаз бар болчу. Арест салынган. 2011-жылы ошол баалуу кагаздарды фальшивый экен деп 4 чоң машинага жүктөп туруп Казакстанга чыгарып жиберди го. Эгер фальшивый кагаз болсо закон боюнча бул жерде өрттөш керек эле. Булар фураларга жүктөп Казакстанга чыгарып жибербеш керек болчу. Ошондуктан мен айтып койоюн бизди банк ячейкаларындагы акча бөлүү боюнча эч нерсе кыла албайсыңар! Калган 3000ге жакын ячейкалар эмне үчүн жабык бойдон калды? Эмне үчүн АУБ банктарынын коммерциялары өзүнүн партиялаштарына өтүп кетти? Маселе мына ушунда. Ошондуктан ячейкалар боюнча маселе кийинки президент учурунда дагы көтөрүлөт”, – деди экс-төңкөрүшчү Азимбек Бекназаров.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: