Бүгүн, 22-апрелде Новосибирсктеги кээ бир кыргыз жарандары колунда билеттери бар болсо дагы, бардыгы эле өз мекенине уча алышпайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилиги билдирүү таратты.
Алардын айтымы боюнча, бүгүн S7 Airlines авиакомпаниясынын 176 орундук учагы Новосибирсктен Бишкекке учуп келет.
“Биринчи кезекте, жаш балдар, кош бойлуу аялдар, оорулуу жана улгайган адамдар ташылып келинет” – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, элчилик бир нече жолу эң көп орундуу учакты сурап кайрылган. Бирок S7 Airlines компаниясы мындай авиалайнер менен камсыз кылуу мүмкүн эместигин билдирген. Ошол эле учурда учуп кетүүнү каалаган 300дөн ашык жарандын колунда билеттери бар.
“Учуп кете албай калган жарандарды, эмоцияларга жана провокацияларга алдырбоого жана чыдамдуулукка чакырабыз. Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу диаспоралык уюмдар менен биргеликте убактылуу жашоого жана тамак-аш менен камсыздоого көмөк көрсөтөт”, – деп билдирет элчилик.
Дипломатиялык миссия Россиянын өкмөтү жана Россиянын авиакомпаниялары менен Москва жана Новосибирск шаарларынан кыргыз жарандарын учуруп кетүү үчүн кошумча рейстерди уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жаткандыгын баса белгиледи.
Учурдагы кырдаалга байланыштуу керектүү кеңештерди элчиликтин call-борборунан төмөнкү номерлер аркылуу алууга болот:
+79253874597 — (WhatsApp).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ