Menu

Bloomberg: Facebook колдонуучулардын аудио билдирүүлөрүн чечмелеген

Бөлүшүү:

“Фейсбук” көп убакыт бою колдонуучулардын аудио билдирүүлөрүн чечмелөө үчүн башка компанияларга акы төлөп келген. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги аталган ишке тартылган компаниядагы өз булактарына таянуу менен билдирди.

“Фейсбук” жетекчилиги бул сыяктуу ишке буюртма бергенин тастыктады. Бирок өткөн аптадан бери бул долбоорго Apple жана Google сыяктуу эле “тыным” жарыялаганын белгиледи.

Компания чоочун кишилердин билдирүүлөрүн чечмелөө аргасыз кадам болгонун: жалданган жумучулар “Фейсбук” колдонгон жасалма интеллект жазууларды канчалык кылдат чечмелерин гана текшеришкенин түшүндүрдү. Социалдык түйүн жалданма кызматкерлер үндөр кайда жана кандай жагдайда жазылып алынганын билишкен эмес деп ынандырууда.

“Фейсбук” бир нече жолу жашыруун түрдө колдонуучулардын жеке маалыматтарын чогултууга, сатууга айыпталган. Бул дооматтардан улам компания башчысы Марк Цукерберг 2018-жылы апрелде АКШ Конгрессине чакырылган.

Өткөн айда белгилүү болгондой, Siri, Google Assistant жана Alexa сыяктуу “акылдуу колонкаларды” чыгарган Apple, Amazon жана Alphabet компаниялары да колдонуучулардын аудио билдирүүлөрүн жазып келишкени аныкталган.

Буга чейин АКШнын Федералдык соода комиссиясы социалдык түйүндү колдонуучулардын биометрикалык маалыматтарын уруксатсыз чогултууга жана сактоого айыптаган. “Фейсбук” бул үчүн 5 миллиард доллар айыппул төлөөгө милдеттендирилген. Өткөн аптада АКШнын апелляциялык соту “Фейсбуктун” доо арызын четке каккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: