Menu

Кыргызстандыктар август айында төрт күн катары менен эс алышат

Бөлүшүү:

9-май майрам күнү жекшембиге туура келгендиктен, мыйзамга жараша, дем алыш күнү майрам күндөн кийинки жумуш күнүнө которулат. Бирок дем алыш жана жумушчу күн эсептелбеген майрам күндөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 10-май дем алыш күнүн башка күнгө – 30-августка которуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, 10-май (дүйшөмбү) иш күнү деп жарыяланды, ал эми августта Кыргыз Республикасынын жарандары 4 күн катар: 28, 29-август (ишемби жана жекшемби), 30-августта (дүйшөмбү) 10-майдын эсебинен жана 31-августта (шейшемби) Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү эс алышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: