Menu

Тажикстан Ноорузду майрамдоого даярданууда

Бөлүшүү:

Душанбенин борборунда Нооруздун 30 метрлик символу «Суманак» (сүмөлөк жасоо үчүн колдонула турган өнгөн буудай) орнотулду. Исмоили Сомони айкелинин тегереги да мөмөлүү бактар, гүлдөр жана башка майрамдын символдору менен кооздолду.

Күн сайын жүздөгөн кишилер борбордук аянтка келип, узуну – 30, туурасы – 16 метр болгон «Суманактын» жанында сүрөткө түшүшүүдө.

15-февралда Тажикстандын COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы республикалык штабы Нооруз майрамын белгилөөгө уруксат берген. Штаб бул майрамды ата-бабаларды жана улуттук баалуулуктарды сыйлоо иретинде белгилөө керек экенин маалымдаган.

Бийлик санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди эске алуу менен маданий, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө макул болгон.

Былтыр Тажикстан Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун эскертүүсүнө карабай, Хожентте Нооруз майрамын 12 миң кишинин катышуусунда жапырт түрдө белгилеген. Концертке президент Эмомали Рахмон да катышкан. Нооруз өлкөнүн башка аймактарында да белгиленген. Тажик бийлигинин пандемия учурундагы бул аракети башка өлкөлөрдө кескин сынга алынган.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги январдан тарта өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала электигин билдирип келет. Расмий маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери Тажикстанда 13 38 киши вирус жуктуруп, 90 бейтап көз жумган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: