Menu

Айыл чарба жана азык-түлүк менен камсыздоо жаатында кызматташуу боюнча Жол картасына кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан айыл чарба жана азык-түлүк камсыздоо жаатында кызматташуу боюнча Практикалык чаралар планына («Жол картасына») кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган документке Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартындагы Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Жол картасында айыл чарба продукциясын, анын ичинде карттөшкө, үрөн ташуу, эки өлкө аймагында дан жана башка өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун тажрыйбалоо, каттоого алуу жана жол берүү, Өзбекстандын жогорку окуу жайларында   студенттерди «мал чарбачылыгы» багыты боюнча окутуу, ошондой эле илимий-иликтөө институттарынын базасында кызматташуу маселеси каралган.

Мындан тышкары, өзбек тарап Кыргыз Республикасына 10 000 мөмө-жемиш көчөтүн, 1000 тонна күздүк буудай жана 500 тонна «Султан» сортундагы пахта үрөнүн берүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле аянты 1000 квадрат метр келген күнөскана куруу, эт жана мал экспорттоо, этти иштетүүчү биргелешкен ишканаларга инвестицияларды тартуу мүмкүндүгүн талкуулады.

Ошондой эле «Узкимесаноат» АК жетекчилиги менен жолугушуу өтүп, анын алкагында Кыргыз Республикасына күнүнө 800-1000 тонна көлөмдө минералдык жер семирткичтерди үзгүлтүксүз жеткирүү жөнүндө келишим түзүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: