Menu

Айтмамат менен Жапардын ортосуна ким чок салгысы келип жатат?

Бөлүшүү:

Ушак айткандын да чеги болушу керек да. Калп айтсак калк ишене берет дегендерге таң калыштын да кереги жок болуп калды. Кечээ “Азия Ньюс” деген гезит Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормоновдун ортосуна от жаккысы келгендер, өздөрүнүн чыгармачылыгына салып, көк-ала болгуча сабашты деп оюндагысын оттоп жибериптир. Алар Айтмамат Жапарды өзүнүн кабинетине чакырып алып, “Мэр боло турган сенсиңби?! Мына сага!” деп башка-көзгө былчылдатып сабап, “тамашага” батканын көрүп тургандай жазышыптыр. Гезит жазгандай Жапар Ормонов шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбековдун Ош шаарындагы штабын жетектегени чындык. Ормонов элге окшоп өзү баарын мен жасайм деп опурулбаган жигит. Сунуш түшүп, ишеним артылса ишти майын чыгарып жасайт. Анын азыркыдай деңгээлге көтөрүлгөнүнө себепкер, Икрам Илмиянов деп аташыптыр, өрдөк учургучтар. Эгер Икрам Жапарды колдогондо, ал азыр шаардык кеңешти эмес, бүтүндөй облусту башкарып турмак. Жапар Ормоновду Ош шаарына вице-мэр кылып Айтмамат Кадырбаев өзү алып келген. Ормоновдо акасинин башын аттап, мэр болот элем деген амбиция да жок экени ырас. Буга ишенбесеңер, өзүнө телефон чалып жообун алсаңар ишенесиңер. 7-ноябрь президенттин жарлыгы менен ата-бабаларды эскерүү күнү деп белгиленбедиби. Ошол күнү Айтмамат менен Жапар чогуу тарыхый инсандардын эстелигине гүл коюп, эскерүү күнүнө чогуу чыгышкан. Жок дегенде ушуну тактап алышса болмок экен. Сабалган адам гүл коюуга куландан соо чыкмак беле? Жапар ооруканага жатпай эле, ден-соолугу “айгырдай” болуп соп-сонун жүргөн учуру. Оюна келгенди урдура бергендер да жооп бериши керек го.

Абдирайим Бердалиев, Ош шаары

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: