Menu

УКМК: Экс-депутат Аскарбек Шадиевдин аялы кылмыш жолу менен табылган кирешени легалдаштырган деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Экс-депутат Аскарбек Шадиевдин аялы кылмыш жолу менен табылган кирешени легалдаштырган деп шек шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын маалыматы боюнча, 2010-жылдан 2017-жылга чейин Аскарбек Шадиев кирешесинин кылмыштуу булагын жашыруу максатында  мүлкүн жубайы Асель Шадиевдин атына каттаган.

Аларга иш жүзүндө ээ болгон активдер жана алардан түшкөн кирешелер Бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн суммадан бир топ ашып кетет.

Алардын иш жүзүндө ээлик кылган активдери жана алардан түшкөн киреше суммалары, ошол мезгилдеги КР бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн суммадан бир топ ашып кеткен.Иш боюнча чогултулган материалдар Асел Шадиева кылмыштын жасалышына, атап айтканда кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга тиешеси бардыгын көрсөтүп, анын иш-аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилген.

“КРнын Жазык-процесстик кодексинин 18-б. 1-б, жазык иштери боюнча сот өндүрүшү бирдей укуктардын жана тараптардын атаандашдыгынын негизинде жүргүзүлөт.Буга байланыштуу Шадиева белгиленген далилдерди келтирип, жазык-процесстик мыйзамга ылайык иштин маңызы боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берсе, туура болмок” – деп айтылат маалыматта.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: