Menu

Акылбек Жапаров: “Согуш убагында эшелон-эшелон менен орус элин Кыргызстанга ташып келип жардам бербедик беле. Азыр ошону кайра кайтара турган убакыт келди”

Бөлүшүү:

“Былтыр пандемия учурунда чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн 180 миң мекендеш мекенине кайтып келди. Дагы 150 миңге жакын балдарыбыз эмгек рыногуна кирди. Быйыл дагы 150 миң кирет. Ошондо 500 миңге жакын киши жумушу жок жүрөт”, – деп билдирди бүгүн, 20-январда депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында.

“Ушул суроо талапты өкмөт өзүнүн отурумунда карап чыксаңыздар. Москванын мэри Собянин “бир топ жумушчу орун бошоп, Москвада киши жок болуп жатат” деп айтып жатат. А биз авиа каттамдарды калыбына келтире албай жатабыз. Керек болсо, эшелон-эшелон кылып поезд менен жеткирүүгө аракет кылыш керек. Билеттердин баасын өкмөт субсидиялаш керек. Керек болсо, 5-10 млрд рубль алып, балдардын жол киресин төлөп берели. Кийин 1-2 жылдын ичинде алар кайра төлөгөндөй кылып. Жумушчу орундарды камсыз кылбасак болбой баратат. Антпесе, бүгүнкү күндө уурулук күч алды. Жумушу жок болсо, ачка болсо, уурулукка барат да. Ошондуктан, өкмөт бул маселени бир айдын ичинде чечиши керек”, – деди ал.

“Болгону 1-2 учакты Москвага учуруу менен 180 миңди кантип ташыйбыз? Согуш убагында эшелон-эшелон менен орус элин, заводун Кыргызстанга ташып келип жардам бербедик беле. Азыр ошону кайра кайтара турган убактысы келип калды. Өкмөт ошол иш-аракетти жазаш керек”, – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: