Бүгүн, 19-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 90 учуру аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 21, Чүй облусунан – 37, Ош облусунан – 1, Нарын облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 23, Баткен облусунан – 3 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 83 268 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 145 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 79 249га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 61, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 45, Ош облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 22, Жалал-Абад облусунан – 5, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 3 бейтап: Бишкек шаарынан – 2, Ош облусунан – 1 каза болду. Алардын жалпы саны 1390го жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ