Караганды облусунда браконьерлерди токтотуу аракети маалында каза болгон «Охотзоопром» мамлекеттик ишканасынын кызматкери Ерлан Нургалиев менен жарадар болгон инспектор Петр Ницык ІІІ даражадагы «Барыс» ордени менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка бүгүн өлкө президенти Нурсултан Назарбаев кол койду.
Жарлыкта инспекторлор «кызматтык милдеттерин аткаруудагы эрдиги үчүн» сыйланганы белгиленген.
13-январда Ерлан Нургалиев менен Петр Ницыкка Караганды облусундагы Нура районунун аймагында кол салуу болгон. Ал күнү инспекторлор рейд жүргүзүп, бөкөндөрдү атууга шектелген адамдарды колго түшүрүүгө аракет кылышкан. Инспекторлор алардын унаасын текшерип жатканда, анын ичиндеги кишилер каршылык көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында экоинспекторлор оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. 15-январда Астанадагы ооруканада жаткан 53 жаштагы Ерлан Нургалиев каза болгон.
21-январда Кызылордо шаарында бул кылмышка шектүү катары үч адам кармалганы кабарланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ