Menu

Садык Алахан: “Алтай Бөрүбаевдин “Улуттук университеттин кадыры ниже плинтуса” деген кесир да, кусур да сөзүн ою бузук адам гана айтат”

Бөлүшүү:

Узаган ишембинин кечинде, 26-январь күнү,  баш калаабыздын башкы тойканасы болгон “Ала-Тоо” ресторанында атактуу аалым, көптөгөн сыйлыктардын ээси, Кыргызстанда гана эмес мурдагы СССРде азыркы нанотехнология деп аталган илим багытынын негиздөөчүлөрүнүн бири, академик, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мурдагы жетекчиси Үсөн Асанов 85 жылдык кутман курагын белгилеп, атпай журтубуздан чыккан атактуу илимпоздордун дээрлик көпчүлүгү маарекеге чогулушту. Мааракенин жүрүшүндө сөз кезеги жеткен академик, Улуттук университеттин мурдагы жетекчилеринин дагы бири Алтай Бөрүбаев тойдун салтанаттуу шаңына  эч бир тиешеси жок кебин: “Азыр Улуттук университет кандидаттардын тебелендисинде калды”, “Улуттук университеттин кадыры ниже плинтуса болуп калды”, –  деген кырчаңгы сөзүн айтып, олтургандарды – биринчи кезекте той ээси Үсөн Асановду – ыңгайсыз абалда калтырды. Көп өтпөй сөз кезеги Улуттук университеттин азыркы жетекчилеринин бири, белгилүү окумуштуу Садык Алаханга жетип, ал куттуктоо кебинин арасында: “А.Бөрүбаевдин бул кесир да, кусур да сөзү Үсөн Асановичтин кулагы укчу кеп эмес, “Улуттук университеттин кадыры ниже плинтуса” деп ою бузук адам гана айтат”, –  деген каяша сөзү менен өз пикирин билдирди… Салтанаттуу тойдо мына ушундай бир кызык иш болду…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: