Menu

Укук коргоочулар өкмөткө келген чет элдик гранттар боюнча отчет талап кылышууда

Бөлүшүү:

Укук коргоочулар президент Алмазбек Атамбаевдин бейөкмөт уюмдар четтен гранттарды алып, өлкөгө каршы иштейт деп айтканына жооп кайтарды. Анда эң көп чет элдик гранттык каражаттарды мамлекет алганы жана алардын көпчүлүгү дайынсыз коротулуп жатканы белгиленди.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар сырттан алынган гранттык акча эсебинен өлкө ичиндеги саясий туруктуулукка шек келтирип жатат деп айткан.

Кыргызстандагы укук коргоочулар биримдиги президент Алмазбек Атамбаевдин бейөкмөт уюмдардын чет өлкөдөн гранттык каражаттарды алуу менен мамлекетке каршы иштеп жатат деген айыптоосун куру доомат катары айыптап чыкты.

Анда укук коргоочулар эл аралык уюмдардан алган гранттык каражаттардын өлчөмү мамлекет четтен жыл сайын алып жаткан гранттык каражаттардан алда канча аз экени белгиленди. Ошол эле кезде укук коргоочулар биримдиги Кыргызстан соңку жети жылдан бери чет өлкөлөрдөн алган гранттык каражаттардын эсеби тууралуу коомчулукка отчет берүүнү талап кылды.

– Үч жыл мурун ички иштер органдарын реформалоого 27 миллион евро бөлүнгөн. Андан кийин дагы каражат берилди. Акча тынымсыз агып келип жатат. Кана ошол реформа? Анан дагы сот органдарын реформалоого 120 миллион евро бөлүнгөн. Ошол жакта сот реформасы болуп бүттүбү? Албетте жок. Анда мына ошол акча каякка жумшалды? Майлы-Суудагы уран калдыктарын кайра көмүүгө бөлүнгөн 13 миллион евро дагы дайынсыз жоголгон. Гранттык каражаттардын бардыгы Кыргызстанда бир өзгөрүү болсун деп берилген да. Өзгөрүү да жок, акча да жок,-деп белгилейт укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

Бул арада тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары кайсы бир бейөкмөт уюмдар мамлекеттүүлүктү бүлүнтүп, өлкө эгемендигине шек келтирген конкреттүү учурлардын бетин ачып, мисал келтире элек. Мына ошондуктан алар президенттин сөзүн “коргонуу үчүн кол салуу” тактикасы катары кабыл алышты.

Кыргызстанга Евробиримдиктен, АКШдан, Жапониядан жана Кытайдан мамлекеттин дарегине келген гранттык каражаттар таза суу чыгарууга, саламаттыкты сактоого жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Мамлекет буга чейин чет өлкөлөрдөн алып келген гранттык каражаттардын так саны ушул кезге чейин белгисиз. Каржы министрлиги дагы буга чейин алынган чет элдик гранттардын кайсы тармактарга чыгымдалганы тууралуу толук маалыматтарды коомчулукка жарыялай элек.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: