Түркмөнстанда чет өлкөлүк банкоматтардан акча чыгарууга кайрадан чектөө киргизилди.
Маалыматтарга караганда, чет өлкөгө саякатка чыккан түркмөнстандыктар 27-сентябрда эл аралык VISA картасы аркылуу 100 доллардан гана чыгара алышууда. 2017-жылдын башынан бери лимит 250 АКШ долларын түзүп келген.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, өткөн аптада Ашхабад аэропортунда жүргүнчүлөр чет өлкөдө жүргөндө банкоматтардан суткасына 100 доллардан ашуун каражат чыгарбоо тууралуу тилкат жазып беришкен. Бул тарипти бузгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Түркмөнстанда 2016-жылдан бери накталай валюта алмаштырууга тыюу салынган. Каражатты пластик карталары аркылуу конвертациялоо – жалгыз мүмкүнчүлүк.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ