Menu

Анарбай Мамажакыповдун өлүмү: Прокурордун жакындары бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, ишти аягына чыгарууну суранышты

Бөлүшүү:

Баткен облусунун мурунку прокурору, 2018-жылдын ноябрь айында өлтүрүлгөн Анарбай Мамажакыповдун жакындары бул ишти аягына чыгарып, акыйкат өкүм чыгарууну суранып жатышат. Бул тууралуу алар бүгүн, 8-декабрда Ошто өткөн маалымат жыйынында билдиришти.

Туугандарынын айтымында, айыпталуучу Мелис Калыков сот процессине катышпайт жана тергөө абагынан чыгуудан баш тартып жатат.

А.Мамажакыповдун атасы Кутбидин Мамажакыповдун айтымында, уулунун өлүмү боюнча тергөө жана сот процесстери 2 жыл 1 айдан бери жүрүп жатат. Сот жараянынын создугуп кеткендигине байланыштуу, ал уулунун өлүмүнө күнөөлүү адам адилеттүү жазага тартылышын суранып, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кайрылды.

“Иштин жыйынтыгы чыкпай жатат. Мелис Калыковдун күнөөү далилденген. Ош шаардык соту ага өмүр бою абак жазасын берген. Иш облустук сотко өткөнүнө 1 жылдан ашты, оору болду, башка болуп, ушул күнгө жеттик”, – деди Мамажакыпов.

А.Мамажакыпованын айылдашы Пайзидин Кыпчакбаев адам өлтүрүүгө күнөөлүү адам өлүм жазасына тартылышы керек деп эсептейт. “Эгер мыйзамдар уруксат берсе, күнөөкөрдү атууга өкүм чыгарыш керек эле», – деди ал.

Белгилей кетсек, 27-ноябрда Ош шаардык соту М. Калыковду Баткен облусунун прокурорунун өлүмү үчүн өмүр бою эркинен ажыраткан. Азыр материалдар Ош облустук сотунда каралууда.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 2018-жылдын 18-ноябрында өлтүрүлгөн. Анын күйүк денеси Баткен шаардын четинен табылган. Шектүү катары жергиликтүү капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: