УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Кыргызалтын» ААКта (уставдык фонддо мамлекеттин үлүшү 100%) техникалык жабдууларды сатып алууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланылган фактыны аныкташты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, 2012-жылы тендердин жыйынтыгы менен казакстандык «ЭнКО» ЖЧШ компаниясынан «Кыргызалтын» ААКтын «Терексай рудниги» филиалына керектөө үчүн перистальтикалык соргучтарды алган. Кийин, соргучтар «Терексай рудниги» филиалынын шарттарына колдонууга жараксыз экени, анткени аларды толук иштетүү үчүн кошумча жабдуулар керек болгону аныкталган. Ошол себептен, берүүчүлөргө кошумча себилдөөчүлөрдү алып берүүгө же мурда алынган соргучтарды кайтаруусу сунушталган. Бирок, жооптуу адамдар КРнын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамынын талаптарын бузуу менен, «Кыргызалтындын» кызыкчылыгына карабастан тендерди жүргүзбөй туруп, 1,2 млн сом суммага кошумча жабдууларды сатып алышкан. Ошону менен бирге, сатып алынган соргучтар ушул күнгө чейин колдонулбай келген, эми ал ААКтын «Терексай рудниги» филиалынын жабылышы менен жакынкы арада колдонулбайт. Жыйынтыгында «Кыргызалтын» ААКга ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул факты боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: “Эл деми”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ