Menu

Улуттук коопсуздукка эми 120 жетекчи болобу?

Бөлүшүү:

Депутаттар Искак Масалиев, Бахадыр Сулейманов, Наталья Никитенко үчөөлөп УКМКнын ишмердүүлүгүнө укурук салгысы келген мыйзам долбоорун даярдап жатышат. Алардын айткан жүйөсүнө келетурган болсок, оппозицияны ооздуктапырбай, атайын кызматтар өткөрүүчү ар бир операцияларды парламенттин макулдугу менен гана жүргүзүшү керектиги айтылат. Кыскача мазмуну УКМКны парламентке баш ийдирүү.

Ал эми баш мыйзам Конституцияга келсек, УКМК мамлекеттин кол башчысы жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы президентке гана баш ийүүгө милдеттүү. Бул мыйзам долбоору эмне үчүн коркунучтуу? Бүт дуйнөдө, анын ичинде батышта, чыгышта, мурунку постсоветтик өлкөлөрдө атайын кызматтар, өзгөчө мамлекеттин негизги жүгүн көтөргөн атайын кызмат президенттерге тикелей жана кыйыр түрдө баш иет. Себеби мамлекеттик кызыкчылыкты коргогон, атайын операцияларды жүргүзгөн, ал тургай мамлекеттик сырдардын кутучасынын купуялыгын кармаган бул атайын кызмат. Эми элестетип көрсөңүз, атуулдугу шек араткан, бир канча жолу талашка жем таштаган Бахадыр Сүлеймановго УКМКнын жетекчилери отчет берип же атайын операцияларды өткөрүү үчүн уруксат сурап бир күн кечке парламентке келип, 120депутатка канча киши, кимди, каяктан, кантип кармаарынан бери айтып жаткандарын. Болбосо тышкы чалгынга кетип жаткан офицерге парламент уруксат берип, «баланча өлкөгө барып, бастанча менен жолугуп же ошону кармап кел» деп бата берип жаткандары кайсы логикага сыят? Бул мыйзамдык нигилизм. Эң эле болбоду дегенде парламенттин өз функцияларынан чыгып карателдик, надзордук органга айлангысы келип жаткан эгоисттиги. Анан калса бул мыйзам демилгечилери батыштын атайын кызматтарынын офицерлери менен жолугушуп, андан кийин гана ушул мыйзамды сунуштап жатат деген маалымат бар. Эгерде ал маалымат такталса бул мамлекеттик чыккынчылыкка тете, болбоду дегенде мамлекеттик кызыкчылыкты башка өлкөнүн атайын кызматтарына сатты дегенге барабар нерсе.

УКМК илгертен бери КГБнын мураскору катары саналып, ал жерде акыркы 100 жылдыктагы жашыруун документациялар, билдирүүлөр, азыркы жана кийинки оперативдүү маалыматтар базасы сакталган. Ал тургай биздин Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдикте түзүлгөн атайын базалардын бирдиги да сакталып турат. Эгерде табиятынан популисттик маанайга жакын парламентке биз бул органдын эки тизгин, бир чылбырын кармата турган болсок, анда мамлекет катары сыр сактап, атайын кызмат күтүүнүн кандай кажети бар экенин азыртадан ойлонушубуз зарыл. Эгерде бул үч депутаттын оюна койсок, УКМКны алып барып ИИМдин бир бөлүмүнө айлантуудан кайра тартчудай эмес. УКМК жабык, популизмден алыс жана мамлекеттин жүрөгүн кармап турган айбаттуу орган. Анан эле аны алып барып 120 депутатка баш ийдирип жиберсек анда мамлекеттин алсызданганы ошол болот.

Биздин парламентте негизинен 120 депутаттын басымдуу бөлүгүн бизнестен, айрымдары түз эле көчөдөн, шектүү ишкерликтен, чайкоочулуктан, криминалдык чөйрөдөн келгендер түзөт. Ошол шартта мамлекеттин коопсуздугун аларга ишенип беруүгө болобу? Айрыкча башка өлкөнүн жарандыгы чыгып калып жаткан депутаттар бар экенин эске алсак бул түз эле мамлекеттик чыккынчылыкка алып барат.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: