Menu

ЖКнын экс-депутаты Жалгап Казакбаев узакка созулган оорудан улам 71 жаш курагында дүйнө салды

Бөлүшүү:

Кечээ, 4-июлда ЖКнын экс-депутаты Жалгап Казакбаев узакка созулган оорудан улам 71 жаш курагында дүйнө салды.

Чүй облусунун Панфилов районунда туулган Жалгап Казакбаев өмүрүнүн көп жылдарын Кыргызстандын тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө арнаган. Ал көп жылдардан бери кант диабети менен күрөшүп келген.

Жалгап Казакбаев 1949-жылы Чүй облусунун Панфилов районундаг Тельман айылында туулган.

– 1972-жылы  Фрунзе политехникалык институту механикалык факультетин аяктаган.

– 1972-жылдан баштап мастер, Бишкек шаарындагы “Сетунь” заводунун директорунун орун басары;

– 1974-жылдан баштап Жумгал районундагы Миң-Куш шаарчасындагы “Оргтехника” заводунун  башчысынын орун басары, цехтин начальниги, башкы технолог, башкы инженери;

– 1983-жылдан тарта Кара-Балтадагы “Бакыт” өндүрүштүк бирикмесинин башкы директору;

– 1987-жылдан баштап Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы, Чүй аймактык кеңешинин төрагасынын орун басары;

– 1992-жылдан тарта Кара-Балта тоо-кен комбинатынын башкы директорунун орун басары, башкы директору;

– 1995-2000-ж.  Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 6-июлда саат 10.00 Панфилов районундагы Тельман айылында болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: