Menu

ИИМ иритмелерден тазалана баштады

Бөлүшүү:

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы менен өткөн коллегияда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы айтылуу скандалдуу Скандарбек Көчөрбаевдин жана Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Б.Имангазиевдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу түшкөн арыздар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жаткандыктан, ээлеген кызматтарынан убактылуу бошотулган. Ушул эки эрендин үстүнөн түшкөн арыздар ИИМ ардагерлеринин, кызматтан мыйзамсыз бошотулган кызматкерлердин атынан эле.

Ошол арыздар иликтенип-жиликтенип олтуруп, жогоруда аты аталган эки кызматкер иштен алынды. Тагыраагы, кызматтык иликтөө өз жыйынтыгын берди. Айныгыс фактылар “көзгө сайып” көрсөткөндөй ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы, милициянын полковниги С.Кочорбаев ИИМге тиешелүү “ички иштер органдары тууралуу” мыйзамдын, Ички иштер органдарынын катарында кызмат өтөө тууралуу Жобонун, кызматтык иликтөөлөрдү өткөрүүнүн инструкцияларынын талаптарын так жана мыйзам чегинде сактабастан, анын талаптарын одоно бузууга жол бергендиги аныкталды. Көчөрбаев өз ыйгарым укуктарын жана милдеттерин аткарууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы так жана даана байкалган. Көчөрбаевдин бул кылыгы буга чейин далай ирет айтылып да, жазылып да келген. Анын ИИМ кызматкерлеринен коркутуу, үркүтүү методдорун жана видеоаудио жазууларды пайдалануу менен акча талап кылуу, пара алуу фактылры да орун алгандыгы ачыкталган. Мына ушундай ит кылыктары үчүн КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү менен (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) иш козголгондугуна байланыштуу жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы катарында ишмердүүлүгүндө кетирген одоно кемчиликтери үчүн ички иштер органдарынын катарынан бошотулду.

Бул жаңы дайындалган министрдин биринчи кадамы. ИИМ эчак эле ичинен ириткендерден тазаланышы керек эле. Министрдин бул иши колдоого аларлык. Алдыда дагы артынан бир топ сөз ээрчип, басма сөз каражаттарына байма-бай ар кандай сындар жазылып келген ою жаман орун басар Данияр Абдыкаровдун жана ал калкалап келе жаткан бир топ кызматкерлердин баскан изин иликтеш керек. Мына ушуларды иликтеп, кылган кыйшык иштерин ачыкка чыгарып, иштен айдап, иштен айдап эле койбостон иш козгош керек. ИИМ “крысалардан” арылып, коомчулук алдында кадыр-баркка ээ болушу шарт. ИИМдин катарын тазалоо ишиңизге ийгилик каалайбыз Кашкар Астаканович!

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: